Кыргызстандын башкы прокурору Япония элчиси менен жолукту
Бүгүн Кыргызстандын башкы прокурору Максат Асаналиев Япониянын Кыргызстандагы элчиси Хидэки Года а менен жолугушту.
Башкы прокуратурадан билдиришкендей, жолугушууда тараптар эки өлкө ортосундагы өз ара кызматташуунун негизги багыттарын талкуулап, анын ичинде — коррупцияга каршы күрөшүүдө тажрыйба алмашуу, кылмыш ишин жүргүзүүнү санариптештирүү жана мыйзам үстөмдүүлүгүн камсыз кылуу маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.
Мындан тышкары, кадрларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу, прокуратура кызматкерлерин Япониядагы билим берүү программалары аркылуу окутуу мүмкүнчүлүктөрү да сөз болду.
Тараптар эки тараптуу укуктук келишимдерди түзүү мүмкүнчүлүгүн карап, ошондой эле БУУнун Коррупцияга каршы конвенциясы жана трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы конвенциясынын алкагында кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча пикир алмашышты.
Жолугушуунун соңунда тараптар Кыргызстан менен Япония ортосундагы достукту, өз ара сый-урматты жана өнөктөштүктү чыңдоо, ошондой эле укуктук кызматташууну мындан ары да өркүндөтүү ниеттерин билдиришти.