Быйыл Кыргызстандан АКШга 75 тонна кургактылган мөмө-жемиш экспорттолду

 Быйыл Кыргызстандан АКШга 75 тонна кургактылган мөмө-жемиш экспорттолду

2025-жылдын башынан бери Кыргызстандан Америкага 75 тонна кургатылган мөмө-жемиш экспорттолду.

 

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, мөмө-жемиштер Баткендеги “Алтын-Аймак” ишканасы тарабынан экспорттолгон.

 

Белгиленгендей, бул ишкананын продукциясынын жогорку сапатын жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн тастыктайт.

 

Баткен районунун Кара-Бак айыл өкмөтүндө жайгашкан “Алтын-Аймак” ишканасы кургатылган мөмө-жемиштерди кайра иштетүүгө багытталган заманбап ишкана болуп саналат. Ишкана суткасына 10 тонна өндүрүш кубаттуулугуна ээ.

 

Ишкана эки негизги цехтен турат: күндүн энергиясын колдонуп, чийки продукцияны тез жана сапаттуу кургатуу, ошондой эле кайра иштетүү жана таңгактоо линиялары. Сезондо ишкана эки сменада 40-50 жумушчу менен иштеп, жергиликтүү тургундарга жумуш орундарын түзүп жатат.

Связанный пост