Адылбек Касымалиев Японияга окууга жөнөп жаткан мамлекеттик кызматкерлерди кабыл алды
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Япония өкмөтүнүн JDS (Japan Development Scholarship) долбоорунун стипендиаттары, Японияга окууга жөнөп жаткан Кыргызстандын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерин кабыл алды.
Анда минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев Япониянын Кыргызстандагы элчилигине, Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигине (JICA) жана Япон эл аралык кызматташтык борборунун (JICE) өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирип, мындай туруктуу колдоонун жана кызматташуудан улам мүмкүнчүлүктөр ишке ашып, эки элдин ортосундагы мамиле дагы бекемделип жатканын билдирди.
“Япон эли менен болгон кызматташтык багыттарынын ичинен JDS долбоору биз үчүн өзгөчө мааниге ээ экенин дагы бир жолу белгилеп кетким келет. Япония – өзүнүн тартиби, сапаттуу билими жана заманбап технологиялары менен дүйнөгө таанылган өлкө. Ошондуктан, Япон жеринде, Япон элинен жаңы билимди, алдыңкы тажрыйбаны алып, Кыргыз мамлекетине кошо турган салымыңар баа жеткис болот. Биздин адистер азыркы мезгилде дүйнөнүн ар булуңунда билим алып жатышат. Алардын баарын жогору баалайбыз. Ошону менен бирге, Японияда мамлекеттик башкаруу багытында алган билимдин биздин коомго, биздин экономикага пайдасы өзгөчө болот деген ойдомун. Сиздерге ак жол, ийгилик каалайм. Сиздер кыргыз эли жана жетекчилиги зор үмүт артып жатканын сезесиздер, түшүнөсүздөр деп ойлойм”, – деди минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев.
Белгилүү болгондой быйыл, Кыргызстандын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринен Японияга билим алууга 19 магистратурага, 1 докторантурага жөнөп жатат. Жалпысынан 2006-жылдан бери ишке ашырылып жаткан бул программа аркылуу 327 стипендиат Япониядан билим алып келген. Статистика боюнча, бүтүрүүчүлөрдүн 60%зы мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга орношсо, анын 50%зы жетекчилик кызматтарга дайындалат.