Өлкөдө бир жумада 353 мас айдоочу кармалды

Өлкө аймагында 4-августтан 10-августка чейин 23 миң 234 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирет.
Анын ичинен:
Тийиштүү документтери жок унаа башкаруу – 938;
Мас абалында унаа башкаруу – 353;
Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 165;
Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 1090;
Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 4187;
Авто ээнбаштык – 110;
Белгиленген ылдамдыктан ашуу – 3481;
Жалган мамлекеттик номер менен унаа башкаруу – 6;
Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 16 495;
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2403 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.