Жакында 1-2-класстарды мектепке каттоо боюнча кошумча орунда ачылат

 Жакында 1-2-класстарды мектепке каттоо боюнча кошумча орунда ачылат

Жакында мектепке каттала элек балдар үчүн 1-2-класстарга кошумча орундар ачылат. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, бул бүгүнкү күндө бир дагы мектепте катталбаган балдарды 1-2-класстарга киргизүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат.

 

Белгиленгендей, кошумча кабыл алуу 13-августта саат 09:00дө башталат жана 8-августка карата бир дагы мектепте катталбаган балдар үчүн гана жеткиликтүү болот.

 

Балдары мектепке катталган системанын колдонуучулары үчүн “жазууну жокко чыгаруу” функциясы жеткиликсиз болот.

 

Ата-энелер жана мыйзамдуу өкүлдөр баласынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү “Түндүк” тиркемесиндеги “Санариптик документтер” бөлүмүндө чагылдырылгандыгын алдын ала текшерип, баланы “мектепке электрондук каттоо” кызматы аркылуу “Түндүк”, “Мбанк” жана МойО!+ Банк же 1mektep.edu.gov.kg. порталынан катташы керек.

 

Министрлик балдарды мектепке электрондук каттоонун экинчи этабы 15-августта аяктай турганын эскертет.

 

Кошумча орундар ачыла турган мектептердин тизмеси менен төмөнкү шилтемеден таанышсаңыздар болот: https://edu.gov.kg/posts/4376/

Связанный пост