Кыргызстан менен Швейцариянын саясий диалогун жандандыруу маселеси талкууланды

 Кыргызстан менен Швейцариянын саясий диалогун жандандыруу маселеси талкууланды

Күн мурун тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Швейцария Конфедерациясынын Кыргызстандагы жаңы дайындалган элчиси Сироко Мессерлинин ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн кабыл алды.

Ведомстводон маалымдашкандай, Абакиров элчини жаңы кызматка дайындалышы менен куттуктап, быйылкы жылдын июнь айында Швейцарияда өткөн кыргыз-швейцария өкмөттөр аралык соода-экономикалык кызматташтык боюнча комиссиянын жыйынынын жыйынтыгы менен жетишилген макулдашууларды практикалык ишке ашыруунун маанилүүлүгүн өзгөчө белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кыргыз-швейцария кызматташтыгынын маселелери талкууланды. Анын ичинде саясий диалогду жандандыруу, жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды жүзөгө ашыруу, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты чыңдоо, ошондой эле өлкөлөр ортосундагы келишим-укуктук базаны кеңейтүү маселелери камтылды.

Мындан тышкары, тараптар эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги маселелер, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүү боюнча пикир алмашты.

Связанный пост