Кыргызстан Кытай, Малайзия жана Монголия менен санариптик кызматташтыгын чыңдайт

 Кыргызстан Кытай, Малайзия жана Монголия менен санариптик кызматташтыгын чыңдайт

Кыргызстан эл аралык кызматташтыкты чыңдоо максатында Кытай, Малайзия жана Монголия мамлекеттери менен меморандумдарга кол койгон. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министри Азамат Жамангулов билдирди.

Министрдин айтымында, ведомство жыл башынан бери жогоруда аталган үч өлкө менен кызматташууга багыт алган.

“Президенттин Кытай өлкөсүнө болгон мамлекеттик сапарынын алкагында жасалма интеллект жана санариптик экономика тармагында, андан кийин Малайзия мамлекети менен киберкоопсуздук боюнча жана ошондой эле эки жума мурун Монголия менен мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү багытында кызматташууга кол коюлду.

Монголиянын мамлекеттик кызматтарды санариптештирүүдө тажрыйбасы жана биздин “Түндүккө” окшогон “Монголия” тиркемеси бар экен. Биз алар менен бул жаатта тажрыйба алмашууну чечтик”, – деди ал.

Андан сырткары, министрлик ITU Forum, “КИТ-2025”, “Digital Almaty” форумдарына, ошондой эле Россиядагы, Кытайдагы жана ЕАЭБ, БААЭК алкагындагы бир катар эл аралык иш-чараларга катышкан.

Булак “Кабар” агенттиги

Связанный пост