Tunduk: Санариптик кызматтардын жана колдонуучулардын саны өстү

Жарым жылдын ичинде санариптик кызматтардын жана колдонуучулардын саны өскөн. Учурда 2,5 млн колдонуучу бар. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында “Түндүк” ААКнын директорунун орун басары Талант Аманов билдирди.
Мамлекеттик электрондук кызматтар порталы аркылуу жарандарга 178 санариптик кызмат жеткиликтүү, алардын 122си толугу менен автоматташтырылган.
8 айдын ичинде Tunduk мобилдик тиркемеси 3 миллиондон ашык жолу жүктөлүп, дээрлик 9 миллион кызмат көрсөтүлгөн.
“Мамлекеттик G-Cloud булут платформасына көчүрүлүп жаткан электрондук маалыматтарды ала турган болсок, мурунку 2 жыл ичинде 1,5 млрд транзакциялар жүргүзүлсө, 8 айдын ичинде алардын саны 1,6 миллиарддан ашты. Буга чейин маалымат алмашуунун деңгээли мындай эмес эле. Мамлекеттик түзүмдөрдө маалыматтарды санариптештирүү, базасын толтуруу иштери жүргүзүлүп жаткан. Бул иштер аяктап, эми топтолгон маалымат базасынын жүгүн жеңилдетүү иштери жасалышы керек”, – деди ал.
Амановдун айтымында, алдыда мекеменин алдында чоң пландар коюлган. Персоналдык маалыматтарды коргоону жакшыртуу, техникалык жабдууларды алуу иштери бар.
“Кадастр” мамлекеттик мекемеси, Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттигин киргизүү иштери турат. Андан сырткары, алдын ала билдирме жөнөтүү (про активдүү) кызматтар форматына өтүүнү пландап жатабыз. Мисалы, мында паспорттун мөөнөтү бүтө электе, жаранга мөөнөтү бүтөрү тууралуу эскертүү келип, жаңы документке арыз берүү мүмкүнчүлүгү ачылат. Себеби, 10 жылга деп берилген паспорттун мөөнөтү бүтүп жатканын жарандар унутуп калып, чукул керек болгондо гана билип калышы мүмкүн”, – деп кошумчалады ал.
“Түндүк” тиркемесиндеги жеткиликтүү функциялардын арасында ID-картага арыз берүү, маалымкаттарды алуу, кыймылсыз мүлктү каттоо, балдарды мектепке жаздыруу, электрондук ОСАГО полисин тариздөө жана башка көптөгөн кызматтар бар.
Булак “Кабар” агенттиги