Кыргызстандагы ишкердик активдүүлүк дүйнөнүн ири экономикаларынын көрсөткүчүнөн ашты

Кыргызстанда бизнес активдүүлүгүнүн индекси Казакстан, Россия, АКШ, Германия жана Сингапурга караганда жогору. Бул тууралуу “Кепилдик фонд” ААК тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгында белгилүү болду.
Белгиленгендей, изилдөө 17-марттан 14-апрелге чейин Финансы министрлиги менен биргеликте жүргүзүлгөн.
Кыргызстанда бизнес активдүүлүгүнүн индексин (PMI, Purchasing Managers’ Index) изилдөө экинчи жолу жүргүзүлдү. Бул реалдуу убакыт режиминде экономиканын абалын жана динамикасын чагылдырган маанилүү экономикалык көрсөткүчтөрдүн бири болуп саналат.
Изилдөөгө экономиканын дээрлик бардык тармактарында иштеген өлкөнүн 969 компаниясынын өкүлдөрү катышты.
Ага катышкандардын негизги бөлүгүн республикадагы чакан бизнестин өкүлдөрү – 66 пайыз, орто бизнес – 27 пайыз жана ири бизнестин өкүлдөрү – 7 пайызды түздү.
Изилдөөнүн географиясынын 81,7 пайызы өлкөнүн аймактарынын өкүлдөрүн, ал эми 18,3 пайызы Бишкек жана Ош шаарларынын ишкерлерин камтыды. Тармактар боюнча:
- айыл чарба тармагында иштеген ишкерлер – 35%;
- соода – 29%;
- кызмат көрсөтүү – 18%;
- өнөр жай – 9%;
- транспорт жана курулуш – 5% жана 4%.
Изилдөө PMIдын алты негизги компонентин камтыйт:
- жаңы буйрутмалар;
- өндүрүш;
- иш менен камсыз кылуу;
- жеткирүү;
- запастар (кампадагы товарлар);
- каржылар.
Бул компоненттердин ар бири өзүнчө талданат, андан кийин салмактык факторлорду эске алуу менен жалпы индекске бириктирилет. Алынган маалыматтар Кыргызстандын экономикасындагы учурдагы кырдаалдын реалдуу абалын берүү менен ишкердик жигердүүлүктүн индексин эсептөөгө негиз түздү.
Изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча, ишкердик жигердүүлүк индексинин мааниси 60,9ду түздү, бул анын өлкөдөгү жогорку деңгээлин көрсөтүп турат. Анткени, иш жүзүндө бул көрсөткүчтүн 50дөн жогору болушу жигердүүлүктүн жогорулагандыгын, 50дөн төмөн болсо – төмөндөшүн көрсөтөт.
Көрсөткүч – 60,9 Кыргызстандын экономикасынын өсүшүнүн айкын ырастоосу жана Кыргызстандын жогорку жетекчилигинин туура экономикалык жана инвестициялык саясатынын далили.
Эске салсак, Ишкердик активдүүлүк индексинин биринчи изилдөөсү “Кепилдик фонду” ААК тарабынан 2024-жылдын октябрында жүргүзүлгөн.