Төрөбаев: Лейлек районунун, айрыкча агрардык сектордо, өндүрүш тармагында жана туризм чөйрөсүндө чоң мүмкүнчүлүктөрү бар
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги алдында 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасынын алкагында өлкөнүн өнүгүүсүнүн артыкчылыктуу багыттарын талкуулоого, Баткен облусунун Лейлек районунун учурдагы социалдык-экономикалык абалын талдоого жана Улуттук программаны ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планын даярдоонун алкагында бул райондун 2030-жылга чейин өнүгүүсүнүн негизги багыттарын аныктоого багытталган жыйын болуп өттү.
Жыйынга Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын, айыл өкмөттөрүнүн жетекчилери, тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү катышты.
МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Улуттук программанын максаттуу көрсөткүчтөрүнө жетүүгө жергиликтүү мамлекеттик администрациянын ишинин өзгөчө маанилүүлүгүн белгиледи. Анын ичинде калктын жан башына ИДПны 4 500 долларга чейин, ал эми ИДП көлөмүн 30 млрд долларынан кем эмес деңгээлге жеткирүү белгиленген.
“Лейлек районунун, айрыкча агрардык сектордо, өндүрүш тармагында жана туризм чөйрөсүндө чоң мүмкүнчүлүктөрү бар. Биздин жалпы милдет — улуттук программанын чегинде бул мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга аракет кылуу. Инфраструктураны жакшыртуу, жашоо деңгээлин көтөрүү жана региондун туруктуу экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн натыйжалуу, өлчөнүүчү чараларды ишке ашыруу керек”, – деп белгиледи Бакыт Төрөбаев.
Отурумдун жыйынтыгында Лейлек райондук мамлекеттик администрациясына төмөнкүдөй бир катар тапшырмалар берилди:
− Улуттук программада белгиленген артыкчылыктуу багыттарды эске алуу менен, районду 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн Иш-чаралар планын жана өнүктүрүү векторлоруна (айыл чарба, туризм, индустриялаштыруу, жашыл энергетика жана региондук хаб) ылайык инвестициялык долбоорлорду иштеп чыгуу;
− Райондун экономикасына мамлекеттик жана жеке инвестицияларды тартуу иштерин күчөтүү.
Маалымкат үчүн:
2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 5-июнундагы № 178 Жарлыгы менен кабыл алынган. Программа өлкөнүн орто мөөнөттүү максаттарын жана артыкчылыктарын аныктоочу стратегиялык документ болуп саналат. Программа туруктуу экономикалык өсүштү камсыздоого, калктын жашоо сапатын жогорулатууга жана экономиканын негизги тармактарын комплекстүү өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган.