Кыргызстан менен Непал соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев деңизге чыга албаган өнүгүп келе жаткан өлкөлөр боюнча БУУнун Үчүнчү конференциясына катышуунун алкагында, Түркмөнстанга болгон иш сапарынын жүрүшүндө, Непалдын Премьер-министри Кхадга Прасад Шарма Оли менен жолугушту.

Жолугушууда МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев Кыргызстан менен Непал эл аралык экологиялык демилгелерди өз ара колдоонун жакшы салтын иштеп чыкканын белгилеп, климаттык туруксуздуктун күчөп жаткан шарттарында тоолуу өлкөлөрдүн кызматташтыгы өзгөчө мааниге ээ экенин билдирди.
“Тоолуу аймактардын климаттык туруктуулугу жаатында уникалдуу тажрыйбага жана лидерликке ээ болгон Непалдын катышуусу тоо күн тартибин алдыга жылдырууга баалуу салым кошот деп ишенем”-деп белгилеген Адылбек Касымалиев, Непалды БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын алкагында иштеп жаткан Тоо өнөктөштүгүнүн сүйлөшүү тобуна кошулууга чакырды.

Тараптар ошондой эле, Кыргызстан менен Непалдын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, туризм, текстиль өнөр жайы, айыл чарбасы, ошондой эле гидроэнергетика сыяктуу тармактарда кызматташууга кызыктарлыгын белгилешти.

Мындан тышкары өз ара колдоого негизделген БУУнун алкагында кызматташуу талкууланды.

Жыйынтыгында МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев Непалдын Премьер-министри Кхадга Прасад Шарма Олини Кыргызстанга сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Связанный пост