“Рулда” рейди учурунда 1185 мас айдоочу кармалды

 “Рулда” рейди учурунда 1185 мас айдоочу кармалды

8-июлдан 3-августка чейин өлкө аймагында  “Рулда” аталышында рейд өткөрүлүп, 86 264 жол эрежесин бузган айдоочулар аныкталды.

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо  башкы башкармалыгы билдиргендей, рейд жол унаа кырсыктардын алдын алуу максатында уюштурулган.

Эреже бузган айдоочулардын ичинен:

  • мас абалында унаа башкарган 1185 айдоочу;
  • автоээнбаштык жасаган 283 айдоочу;
  • каршы тилкеге чыгып айдаган 1753 айдоочу;
  • тийиштүү докумменттери жок унаа башкарган 326 айдоочу;
  • терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан 533 айдоочу.

Одоно жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 6555 авто унаа айып короо жайына киргизилди.

Связанный пост