Орунбеков: Быйыл Кыргызстандын бюджети биринчи жолу триллиондук чектен ашат

Кыргызстандын консолидацияланган бюджети 2025-жылы биринчи жолу 1 триллиондук чектен ашары күтүлүүдө. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.
Анын маалыматына ылайык, алгач 2025-жыл үчүн консолидацияланган бюджет 708,9 миллиард сом өлчөмүндө бекитилген. Бирок жарым жылдык көрсөткүчтөрдүн жыйынтыгында, бюджеттин пландан ашыкча аткарылары аныкталып, жыл жыйынтыгы боюнча 1 триллион 6 миллиард 300 миллион сомго жетүү реалдуу максат катары коюлду.
Кыргызстандын консолидацияланган бюджети 2010-жылы 96,5 млрд сом, 2015-жылы 196,1 млрд сом, 2020-жылы 247,8 млрд сом, 2021-жылы 313,1 млрд сом, 2024-жылы 689,1 млрд сомду түзгөн. Ал эми 2025-жылы 708,9 млрд сом деп бекитилсе, план ашыгы менен аткарылып триллиондук чектен ашканы турат. 2020-жылга салыштырганда, 2025-жылы Кыргызстандын консолидацияланган бюджети дээрлик 5 эсеге жакын көбөйдү.
“Бул 4 жылдык эле натыйжа. Садыр Жапаров жана анын командасы бийликке келгенде, анын 2 жылы мамлекеттик башкарууну түптөөгө, системага салууга кетти. Ал аралыкта бут тосуулар, коррупция, уюшкан кылмыш тобу, эски түшүнүктөр менен күрөшүүгө алаксыды. Кошуналар менен чек ара маселесине чекит коюу дагы оңойго турган жок. Ал аз келгенсип, мамлекет эгемендик алгандан бери чогулган тышкы карыздын эң көп бөлүгүн төлөө мезгили дагы ушул күндөргө туш келди. Мына ушундай кыйынчылыктарга карабай, Кыргызстан азыр өнүгүү темпин жогорулатты. Кайда барба, курулуштар, жаңылануу, өзгөрүүлөр болуп жатат. “Силер айтып жаткан цифралар реалдуубу же кагаздагы эле сандарбы?”-деп суроо бергендер бар. Албетте бул реалдуу цифралар”, – деп кошумчалады Орунбеков
Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси бюджет кайда жумшалып жатат деген суроого дагы жооп берди.
“Баарына токтолбой, учкай эле санап өтөйүн. Жылына жүздөгөн жаңы мектептер, ондогон оорукана жана медициналык борборлор, маданий жана туристтик комплекстердин курулуштары аягына чыгып жатат. Аймактарда эропорттор курулуп, жаңы самолеттер алынды. Мурдагы ири ГЭСтер реконструкцияланып, жаңы ГЭСтер курулуп, алды пайдаланууга берилди. Мамлекет өзүнүн күчү менен темир жолду куруп, Балыкчыдан Кочкорго жеткени турабыз. Кыргыз армиясы жаңы аскердик техникалар менен камсыздалды, мурда 17 миң сом айлык алган чек арачылар, азыр 90 миң сомдон ашык айлык менен иштеп жатат. ӨКМге, жол курууга жүздөгөн техникалар алынды, анын ичинде вертолеттор дагы бар. Биз айтып жаткан жөн эле цифралар эмес, реалдуу натыйжалар. Алдыда ар бирибиз кубана турган ири долбоорлор, Кыргызстандын жаркын келечегин түптөй турган иштер арбын. Мына ушулар бир кезде Садыр Жапаровдун кыялы болчу, азыр президент Садыр Жапаров кыялдарын четинен ишке ашып жатат”, – деди ал.