Өлкөдө энергиянын кайра жаралуучу булактарын өндүрүүгө 61 жер тилкеси берилген

2025-жылдын 1-августуна карата Жашыл энергетика фонду тарабынан өлкө боюнча энергиянын кайра жаралуучу булактарын өндүрүүчүлөргө жалпы 61 жер тилкеси берилген. Бул тууралуу мамлекеттик фонддун директору Эмилбек Орозбаев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, кичи ГЭС куруу үчүн 45 жер тилкеси, күн станциясы үчүн 15, ал эми шамал станциясын курууга бир жер тилкеси берилген.
“Жер кандай ыкма менен кантип берилет деген суроо жаралып, жер алууну каалаган жарандар фондго кайрылуулары зарыл. Бизде тийиштүү адистер бардык маалыматтарды беришет. Жаран бизге келгенден тартып, долбоор аягына чыкканга чейин фонд толугу менен коштоого алат. Белгилей кетсек, фонд түзүлгөндөн кийин 2023-жылы президент тарабынан жарлык чыгып, ага ылайык мамлекетибиздеги энергиянын кайра жаралуучу булактарына багытталган жерлерди фонд бөлүштүрөт”,- дейт Орозбаев.
Ал эми буга чейин ички же тышкы инвесторлор иш баштоо үчүн алгач жер маселеси боюнча уруксат кагаздарын жергиликтүү бийликтен, айыл өкмөттөн же Токой чарба агенттигинен алып келишкен.
“Бюрократияны жоюп, бир мамлекеттик мекемеден бүткүл уруксат кагаздарын алуу максатында ушул фонд түзүлүп, учурда “Биридиктүү терезе” механизми менен иштеп келе жатабыз. Жашыл энергетика фондунун ишмердүүлүк жүргүзгөнүнө 3 жылга чукулдап, бул мөөнөттө көп иштер аткарылды”,- дейт ал.
Эскерте кетсек, министрелер кабинетине караштуу Жашыл энергетика фонду 2022-жылы ноябрь айында түзүлгөн. Фонддун негизги максаты энергиянын кайра жаралуучу булактарын өлкөдө өнүктүрүү болуп саналат.
Булак “Кабар” агенттиги