Бир айда 38 миңден ашык айдоочу ОСАГО алды

1-июлдан 28-июлга чейин автоунаа ээлерине 38 345 жаңы полис берилди. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жалпысынан жыл башынан бери 266 миң 465 автоунаа камсыздандырылган.
Мамлекеттик камсыздандыруу уюму бул көрсөткүч жарандардын жоопкерчилигинин жогорулап жатканын тастыктап турганын белгиледи.
Ошондой эле уюм өз ишинде ачыктыкты, ыкчамдуулукту жана жарандардын укуктарын коргоого багытталган жоопкерчиликти карманарын кошумчалады.