Садыр Жапаров Казакстандын тышкы иштер министрин кабыл алды
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-августта Казакстандын премьер-министринин орун басары – тышкы иштер министри Мурат Нуртлеуну Чолпон-Ата шаарында кабыл алды.
Жолугушууда кыргыз-казак эки тараптуу кызматташтыгынын өз ара кызыкчылыктардын бардык тармактарындагы актуалдуу маселелери, анын ичинде өлкөлөр ортосундагы артыкчылыктуу долбоорлорду, Камбар-Ата-1 ГЭС куруу маселеси талкууланды.
Мамлекет башчысы мамлекеттер аралык мамилелерди ырааттуу кеңейтүүгө өбөлгө түзүп, аларды практикалык мазмун менен толуктаган бардык деңгээлдеги саясий диалогдун динамикалуу тереңдешин белгиледи.
Садыр Жапаров ошондой эле Казакстандын тышкы саясий ведомствосунун башчысынын расмий сапары боордоштук алакаларды мындан ары чыңдоого, айрыкча, Казакстандын президентинин Кыргызстанга боло турган алдыдагы расмий сапарына даярдык көрүү шартында маанилүү түрткү болоруна ишенимин билдирди.
Өз кезегинде Мурат Нуртлеу Садыр Жапаровго Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин саламын жана эң жакшы каалоолорун айтты.
Ал ошондой эле мамлекет башчылары тарабынан коюлган милдеттерди ишке ашыруу үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даяр экенин ырастады.
Жолугушуунун соңунда президент Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге жылуу салам жолдоп, Казакстандын тышкы саясий ведомствосунун башчысына анын жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүндө мындан аркы ийгиликтерди каалады.