6 айда айыл чарба продукциясынын дүң өндүрүмү 117 млрд сомдон ашты

Быйыл 6 айдын жыйынтыгы боюнча айыл чарба продукциясынын дүң өндүрүмү 117 млрд 636 млн сомду түздү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарылган иштердин жыйынтыгы тууралуу өткөн жыйында айтты.
Анын маалыматына караганда, бул 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 14 млрд 20 млн сомго көп болуп, өсүү темпи 103,8 пайызды түздү.
“Ал эми кайра иштетүү өнөр жай продукцияларын өндүрүү 48 млрд 401 млн сомду түзүп, 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 9 млрд 186 млн сомго көп болду. натыйжада физикалык көлөмдүн индекси (өсүү темпи) 144 пайызды түздү”, – деди ал.
Төрөбаев белгилегендей, республиканын калкы негизги тамак-аш азыктардын 6 түрү – сүт, эт, картошка, жашылча, кум шекер, жумуртка менен камсыздалды.
“Эң негизгиси өлкөбүздүн ички агро азык-түлүк рыногунда жагымсыз өзгөчө кырдаал жаралган жок, абал туруктуу сакталды”, – деп белгиледи министр.