Өлкөдө дыйкан-фермерлерге 3,7 млрд сом жеңилдетилген насыя берилди

Өлкөдө “Айыл чарбасын каржылоо-13” долбоорунун алкагында 5 945 дыйкан-фермерге жеңилдетилген насыя берилди.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, каржылоонун көлөмү 3 млрд 721 млн 674 миң сомду түздү.
Анын ичинен “өсүмдүк өстүрүү” категориясы боюнча жалпы 436 млн 319 миң сомго 890 насыя берилди. Банктар боюнча алганда:
- “Айыл Банк” ААК аркылуу 214 893 миң сомго 447 насыя;
- “Элдик Банк” ААК аркылуу 221 млн 426 миң сомго 443 насыя.
“Мал чарбачылык” боюнча жалпы 3 млрд 29 млн 816 миң сомго 4917 насыя берилди:
- “Айыл Банк” ААК аркылуу 1 млрд 264 млн 199 миң сомго 2042 насыя;
- “Элдик Банк” ААК аркылуу 1 млрд 765 млн 617 миң сомго 2875 насыя.
“Сууну үнөмдөөчү технологиялары” боюнча 16 млн 900 миң сомго 23 насыя берилди:
- “Айыл Банк” ААК аркылуу 12 млн 200 миң сомго 17 насыя;
- “Элдик Банк” ААК аркылуу 4 млн 700 миң сомго 7 насыя.
“Лизинг” боюнча жалпы 238 млн 639 миң сомго 115 насыя берилди:
- “Айыл Банк” ААК аркылуу 183 млн 998 миң сомго 91 насыя;
- “Элдик Банк” ААК аркылуу 54 млн 641 миң сомго 24 насыя.