МСК: Жарым жылда айыл чарбасынан 563 млн сомдон ашык салык түштү

Жарым жылда айыл чарбасынан түшкөн салык 563,4 млн сомдон ашты. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
Ведомствонун маалыматына караганда, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 76 млн сомго көп.
Аелгиленгендей, акыркы беш жылда Кыргызстанда айыл чарба тармагынан түшкөн салык 4 эсеге өстү. Бул мезгилдеги жыйымдардын жалпы суммасы 3 млрд 516 млн сомго жетти.
2020-2024-жылдар аралыгында экономиканын бул секторунан түшкөн салыктык түшүүлөр төмөнкүнү түздү:
- 2020-жылы — 261,07 млн сом;
- 2021-жылы — 325,7 млн сом;
- 2022-жылы — 507,7 млн сом;
- 2023-жылы — 818,8 млн сом;
- 2024-жылы — 1 млрд 40 млн сом.