Кыргызстанда күн электр станциясын өнүктүрүү активдүү жүрүүдө

 Кыргызстанда күн электр станциясын өнүктүрүү активдүү жүрүүдө

Энергетика министрлиги менен “ГРК Солар Энерджи” ЖЧК күн электр станциясын өнүктүрүү тармагында кызматташат. Маселе бүгүн энергетика министри Таалайбек Ибраев “ГРК Солар Энерджи” ЖЧКнын башкы директору Асанбек Тороев менен жолугушканда талкууланды.

Жолугушуунун алкагында министр Бишкек шаарынын 7-апрель 4а/2 дарегинде жайгашкан “ГРК Солар Энерджи” ЖЧКнын кеңсесинин сыртына жана чатырына орнотулган күн электр станциясы менен таанышты.

Күн электр станциясы курулган бул имарат буга чейин эскирген цех болуп, жараксыз абалда турган. Учурда аталган ишкана имаратты сатып алып, жаңылоо иштерин жүргүзүп, сыртына жана чатырына жалпы кубаттуулугу 1 МВт болгон күн электр станциясын курган.

Күн панелди орнотуу 8 ай убакыттын аралыгында бүткөрүлгөн. Сметалык баасы 1,1 млн долларды түзгөн. Электр энергиясынын орточо жылдык өндүрүшү 1,1671 млн кВт/саат.

Буга чейин аталган ЖЧК Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу департаментинен лицензия, ал эми “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКтан техникалык шарт алып, өндүрүлгөн электр энергиясын сатуу боюнча келишимге кол койгон. Бүгүнкү күндө ишкана өз ишмердүүлүгүн көрсөтүп, күн электр станциясын ишке киргизди. Мындан улам “Кыргызстан улуттук электр тармагыы” буга чейинки түзүлгөн келишимдин негизинде күн электр станциясынан өндүрүлгөн электр энергиясын сатып ала баштайт.

Аталган ишкананын алдыдагы максаты кытайлык компания менен биргеликте эски цехтин ордуна күн панелдерин өндүрүүчү завод куруу жана Кыргызстанда күн электр станцияларын өнүктүрүү болуп саналат.

Тараптар жолугушууда өлкөбүздөгү энергетикалык таңкыстыкты жоюу максатында Энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү, биргеликте долбоорлорду ишке ашыруу боюнча сүйлөшүү жүргүздү. Ошондой эле Асанбек Тороевдин айтымында, Токтогул суу сактагычына, Таш-Көмүргө жана башка аймактарга күн электр станцияларын курууну пландоодо.

Жыйынтыгында Энергетика министрлиги менен “ГРК Солар Энерджи” ЖЧКнын ортосунда Энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Связанный пост