Өлкөдө кайра иштетүүчү ишканалардын саны 425ке жетти
Кыргызстанда алты айда 9 кайра иштетүү ишканалары ишке кирип, алардын жалпы саны 425 жетти. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Ошондой эле 1 соода логистикалык борбору түзүлүп алардын саны 40ты түздү.
Андан сырткары, 1 мал союу пункту ишке кирип, жалпы саны 115ге жетти. Анын ичинен 56 ишкана эл аралык сапат стандартына киргизилди.
Мындан тышкары, өлкө боюнча алты айда жаңы 68 айыл чарба кооперативи түзүлүп, алардын жалпы саны 813тү түздү. Ошону менен бирге 7 машина-трактордук станция уюшулду. Анын ичинен бирөө мамлекеттик, 2 муниципалдык, 4 жеке менчик.
Ал эми кайра иштетүү ишканаларына жана 17 кластердик бирикмелерге 6 пайыздык жеңилдетилген кредиттер 5 жылга “КАПК” долбоору аркылуу 1 251 субъекткке берилген. Каржылоонун көлөмү 3 млрд 327 млн сомду түзөт. Ошол эле учурда айыл чарба тармагын жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү үчүн 98 долбоор ишке ашырылып жатат.