Кыргызстанда жогорку окуу жайга тапшыруунун эки турунун жыйынтыгында 23,8 миң абитуриент катталды

Кыргызстанда 28-июль саат 14:00гө карата жогорку окуу жайга тапшыруунун эки турунун жыйынтыгында 23 856 абитуриент катталды.
Анын ичинен 5 800дөн ашык бүтүрүүчү акысыз негизде, ал эми 18 миңден ашыгы келишимдик негизде кабыл алынды.
“Онлайн абитуриент” тутумунда жогорку окуу жайларга тапшыргандардын саны боюнча маалыматтар жарыяланды.
Төмөндө катталган абитуриенттердин саны боюнча ЖОЖдордун алдыңкы ондугу:
- Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети — 3 642.
- Ош мамлекеттик университети — 3 564.
- И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети — 3 057.
- К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети — 1 849.
- И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети — 1 635.
- Б.Ельцин атындагы Кыргыз‑Россия Славян университети — 1 467.
- И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы — 981.
- “Ала-Тоо” эл аралык университети — 869.
- М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетим — 769.
- К. И. Скрябина атындагы Кыргыз улуттук аграрный университети — 760.