“Мейкин Азияда” алдыңкы орун алган катышуучулар аныкталды

Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан “Мейкин Азия” эл аралык музыкалык конкурсунун Гран-принин жеңүүчүсү — румындык Диана Стынчуляша болду. Ага 8 миң АКШ доллары ыйгарылды.
Биринчи орунду мекендешибиз Урмат Сатыбалдиев жеңип алды. Белгилүү болгондой, ал 6 миң долларлык сыйлыкка ээ болду. Жеңүүчү калыстар тобунун жогорку баасына татыган аткаруусу менен көпчүлүктүн купулуна толду.
Экинчи орунду төмөнкү катышуучулар бөлүштү:
– Виталий Дроб (Беларусь Республикасы),
– Камир (Кыргызстан),
– Кира Гоголадзе (Россия).
Үчүнчү орунга татыктуу деп табылган катышуучулар:
– Полина Тасева (Түндүк Македония),
– Едже Аса (Түркия),
– Тулкан Таджиев (Өзбекстан).
Эл аралык калыстар тобу жеңүүчүлөрдү бир нече күндүк тандоо процессинен кийин, аткаруучулардын чеберчилигин, артисттигин жана оригиналдуулугун эске алуу менен аныктаган.