Эдил Байсалов «Саймалуу-Таш» мамлекеттик жаратылыш паркынын ишмердүүлүгү менен таанышты
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районуна болгон жумушчу сапарынын алкагында «Саймалуу-Таш» мамлекеттик жаратылыш паркында болду.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары археологиялык эстеликтин негизги участоктору менен, ошондой эле бул жерди сактоо жана изилдөө боюнча парк кызматкерлеринин иши менен таанышты.
Сапардын жүрүшүндө инфраструктураны өнүктүрүү, илимий экспедициялар үчүн аймактын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле табигый тең салмактуулукту сактоо менен туруктуу туристтик маршруттарды түзүү маселелери талкууланды.
Эдил Байсалов белгилегендей, Саймалуу-Таш тарыхый-маданий мурастын объектиси гана эмес, экологиялык жана билим берүү туризминин маанилүү элементи. Улуттук өзгөчөлүктүн жана тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүүнүн бир бөлүгү катары мындай уникалдуу жаратылыш комплекстерин сактоого жана жайылтууга комплекстүү мамиле кылуу зарылчылыгы баса белгиленди.
Саймалуу-Таш – Фергана кырка тоосунун бийик тоолуу бөлүгүндө деңиз деңгээлинен 2800–3450 метр бийиктикте жайгашкан уникалдуу табигый-археологиялык комплекс. Жалпы аянты 32 миң гектардан ашкан парк дүйнөдөгү эң чоң петроглифтердин топтолушун камтыйт, алардын саны ар кандай тарыхый доорлордо – неолиттен баштап орто кылымдын башталышына чейин жаралган 90 миңге чейин аскага чегилген сүрөттөрдү камтыйт.