Кореяда иштеген 96 кыргызстандык бир жолку төлөм алды

 Кореяда иштеген 96 кыргызстандык бир жолку төлөм алды

Түштүк Кореяда иштеп келген Кыргызстандын 96 жараны бир жолку төлөм алды. Бул тууралуу Социалдык фонддон билдиришти.

Маалыматка ылайык, жалпысынан бүгүнкү күндө Кореянын Улуттук пенсиялык кызматынан пенсиялык топтоолордун бир жолку төлөмдөрүн алуу үчүн кайрылгандардын саны 129 адамды түзөт. Алардан 96сына бир жолку төлөм төлөндү. Ал эми 33 адам чечимди күтүүдө.

Түштүк Кореяда расмий түрдө иштеп, эмгек акыларынан төгүмдөрдү жүргүзгөн жарандар Кыргызстанга келгенден кийин бир жолку төлөмдөрдү алышат.

Белгиленгендей, бир жолку төлөмдөрдүн орточо өлчөмү 3 642 АКШ долларын түзөт.

Связанный пост