Кызыл-Кыядагы асфальт-бетон заводу күнүнө 800 тонна асфальт өндүрөт

Бүгүн, 18-июлда транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Баткен облусуна иш сапар менен барды.
Ведомстводон билдиришкендей, иш сапарынын алкагында министр Кызыл-Кыя шаарындагы асфальт-бетон заводунун ишмердүүлүгү менен таанышты.
“Кызыл-Кыя АБЗ” заводу күнүнө 800 тонна асфальт өндүрүп, Кызыл-Кыя, Кадамжай, Ноокат жана Араван райондорун асфальт менен камсыздайт.