Министрлер кабинети үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо боюнча чараларды ишке ашыруу жөнүндө токтом кабыл алды

 Министрлер кабинети үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо боюнча чараларды ишке ашыруу жөнүндө токтом кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо боюнча чараларды ишке ашыруу жөнүндө токтом кабыл алды. Тиешелүү чечимге Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Документ Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин, “Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө” жана “Үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин ишке ашыруу максатында кабыл алынган.

Токтомдун милдети үй-бүлөлүк зомбулуктун тобокелдигин баалоо куралын киргизүү, убактылуу коргоо ордеринин жаңы формасын, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдардын зомбулук аракеттерин өзгөртүү боюнча типтүү коррекциялык программанын жаңы редакциясын колдонуу болуп саналат.
Токтом менен үй-бүлөлүк зомбулуктун тобокелдиктерин баалоо методикасы, убактылуу коргоо ордеринин формасы, үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдардын зомбулук аракеттерин өзгөртүү боюнча типтүү коррекциялык программа бекитилди.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрүү тапшырылды.

Связанный пост