Садыр Жапаров иш сапары менен Москвага келди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 2-июлда, иш сапары менен Москва шаарына (Россия Федерациясы) келди.

Мамлекет башчысынын учагы Внуково-2 эл аралык аэропортуна конду.

Аэропортто Президент Садыр Жапаровду Россия Федерациясынын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Эскерте кетсек, сапардын жүрүшүндө Мамлекет башчысы Россиянын Президенти Владимир Путин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрөт.

Тараптар кыргыз-россия кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, анын ичинде соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана инвестициялык тармактардагы маселелерди талкуулашат.

Связанный пост