Алтынбек Эргешов Токмок шаарынын мэри болуп которулду

 Алтынбек Эргешов Токмок шаарынын мэри болуп которулду

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эргешов Алтынбек Калдарович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду.

Алтынбек Эргешов Токмок шаарынын мэри болуп дайындалды

 

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Эргешов Алтынбек Калдарович Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Токмок шаарынын мэри болуп дайындалды.

Связанный пост