Мамлекет ишкерлерге жеңилдетилген насыя берүүгө 500 млн сом бөлдү

“Ишкердикти өнүктүрүү микрокредиттик компаниясы” ААК уставдык капиталын толуктоо үчүн 500 млн сом алды.
Ведомстводон маалымдашкандай, каражат президент Садыр Жапаровдун III Элдик курултайда жылдык 8% менен ишкерлерге жеңилдетилген насыя берүү боюнча тапшырмасын аткаруунун алкагында Финансы министрлиги тарабынан бөлүндү.
Каржылоо чакан жана орто бизнести колдоо боюнча мамлекеттик программанын алкагында жүргүзүлүүдө. Программанын максаты – ишкерликти өнүктүрүүгө көмөктөшүү, жаңы жумуш орундарын түзүү жана өлкө экономикасын чыңдоо.
Жеңилдетилген насыяларды алуу үчүн 2025-жылдын 25-июнунан тарта Ишкердикти өнүктүрүү фондунун борбордук кеңсесине жана аймактык филиалдарына кайрылууга болот.
Азыркы учурда фонд Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык насыя берүү процессин баштоо үчүн зарыл болгон бардык процедураларды жүргүзүүдө.