Кант цемент заводунун жаңы өндүрүш линиясын ишке кирди

“Эгерде биз ишканаларыбызды жандандырууга колдоо көрсөтсөк, инвесторлор тартылса, элибиз жапырт аракет кылса, анда Кыргызстан сөзсүз өнүгөт”, – деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 16-июнда, Кант шаарындагы Кант цемент заводунун жаңы өндүрүш линиясын ишке киргизүү аземинде.

Заводду модернизациялоо заманбап технологияларга негизделген, бул өндүрүштүн көлөмүн арттырууга, өндүрүмдөрдүн сапатын жакшыртууга жана алар менен ата мекендик курулуш тармагын ишенимдүү камсыздоого шарт түзөт.

Мамлекет башчысы жаңы өндүрүш линиясын ишке киргизүү менен куттуктап, бул долбоор өндүрүш тармагын жогорулатуу, жаңы жумуш орундарын түзүү менен Кыргызстандын экономикасын жандандырып, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө салым кошууга чоң мүмкүнчүлүк берерин белгиледи.

Учурда Кыргызстанда курулуш тармагы ыкчам темп менен өнүгүп, өлкө боюнча жолдор, көпүрөлөр, турак үйлөр, мектептер жана башка социалдык объектилер курулуп жатканын айткан Садыр Жапаров сандык көрсөткүчтөргө көңүл бурдурду.

“2025-жылдын үч айында эле жалпы аянты 419 миң чарчы метрди түзгөн 3 300 үй пайдаланууга берилди. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 32,2 %га жогорулаган. Мындан тышкары, 138 миллион АКШ долларынан ашык инвестиция тартылып, миңдеген үй-бүлөлөр үчүн жаңы жашоо башталууда. Бул мамлекеттин турак жай саясатынын ийгиликтүү ишке ашып жаткандыгын айгинелейт”, – деди Президент.

Ал ошондой эле ишкананын тарыхына кайрылып, 1964-жылы негизделген Кант цемент заводу Кыргызстандын өнөр жай тарыхындагы алгачкы ишканалардын бири болуп саналарын эске салды. Ошол күндөн бери өлкөбүздүн курулуш тармагын эл аралык талаптарга жооп берген цемент менен ишенимдүү камсыздап келет.

Заводду модернизациялоо долбоору Кытайдын “Beijing Triumph Engineering” компаниясы жана Евразия өнүктүрүү банкы менен биргеликте ишке ашты. Жыйынтыгында жалпы суммасы 60 миллион доллардан ашкан инвестициянын негизинде жылына 800 миң тонна клинкер өндүрө турган жаңы линия курулду.

Алсак, 2024-жылдын жыйынтыгы менен 1 миллион 156 миң тонна цемент өндүрүлүп, 800 дөн ашык жаран жумуш менен камсыз болгон. Жаңы өндүрүш линиясын ишке киргизүү менен, буюрса, заводдун өндүрүмү жылына кошумча 800 миң тоннага көбөйүп, 300дөн ашык жаңы жумушчу орун түзүлөт.

Мамлекет башчы Кант цемент заводу өлкөбүздүн ири салык төлөөчүлөрүнүн катарына кирерин да баса белгиледи. 2023-жылы 1 миллиард сомдон ашык салык төлөсө, 2024-жылдын жыйынтыгы менен андан 158 миллион сомго көбүрөөк салык мамлекетибиздин бюджетине түшкөн. Бул мамлекет менен жеке сектордун түз, так жана жоопкерчиликтүү өнөктөштүгүнүн жыйынтыгы болуп калды.

“Ушул сыяктуу натыйжалуу иш-аракеттерибиздин жыйынтыгында “эгерде биз ишканаларыбызды жандандырууга колдоо көрсөтсөк, инвесторлор тартылса, элибиз жапырт аракет кылса, анда сүйүктүү Кыргызстаныбыз сөзсүз өнүгөт!”, – деп белгиледи Садыр Жапаров.

Соңунда Мамлекет башчы жаңы заманбап өндүрүш линиясынын ишке кириши — бул бир гана экономикалык өсүш эмес, кызматкерлердин, инженерлердин, технологдордун, куруучулардын жана ишкананын жалпы жамаатынын мээнетинин, талыкпаган эмгегинин, коомчулук алдындагы жоопкерчилигинин жемиши экенин баса көрсөттү.

Сөз сүйлөгөндөн кийин Президент Садыр Жапаров баскычты басып, жаңы өндүрүш линиясын ишке киргизди, ошондой эле Кант цемент заводунун иши менен таанышып чыкты.

Связанный пост