Бишкек – Ош жолунун 400-чакырымында туннелдин курулушу башталат

Бишкек – Ош жолунун 400-чакырымындагы туннелдин курулушун баштоонун расмий аземи 19-июнда болот. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, долбоор Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) “Негизги эл аралык жолдорду жакшыртуу” кредиттик программасынын алкагында ишке ашырылууда.
750 метр узундуктагы туннелдин курулушу өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн бириктирген стратегиялык автожолдун коопсуздугун жогорулатуу үчүн маанилүү инженердик чечим болмокчу. Жаңы объект жыл сайын айдоочулардын өмүрүнө коркунуч туудурган жана унаалардын кыймылына тоскоолдук жараткан таш кулоолордун алдын алат.
Конструкциянын долбоорун япониялык Central Consultant Inc. инженердик компаниясы жүргүзгөн. Курулуштун башкы подрядчысы Япониянын Takenaka Civil Engineering & Construction Co., Ltd. компаниясы болот. Ишке ашыруу мөөнөтү үч жылды түзөт.
Долбоордун аткаруучусу жана иш-чаранын уюштуруучусу Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги.
Иш-чарага КР транспорт жана коммуникациялар министри А.Сыргабаев, президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Т.Текебаев, Япониянын Кыргызстандагы элчиси Года Хидеки, JICAнын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Нишигата Котаро катышат.
Жаңы тоннель Бишкек-Ош унаа жолунда табигый кырсыктардын кесепеттерин азайтуу максатында JICAнын колдоосу менен курулган дагы бир объект болот.
Эске сала кетсек, буга чейин бул кызматташтыктын алкагында төмөнкүлөр ишке киргизилген:
- Чычкан капчыгайындагы кар көчкү галереясы (октябрь 2023-жыл),
- Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында кар күрткүсүнөн коргоочу курулуштар (2024-жылдын октябрь айы).
Долбоор Кыргыз Республикасынын транспорт инфраструктурасын модернизациялоо жана өлкөнүн аймактарынын ортосунда жыл бою коопсуз байланышты камсыздоо боюнча аракеттерин чагылдырат.