Жаңы салык саясаты: бизнеске жеңилдик берүү жана салык төлөөдөн качууга каршы күрөшүү

 Жаңы салык саясаты: бизнеске жеңилдик берүү жана салык төлөөдөн качууга каршы күрөшүү

Мамлекеттик салык кызматы Жогорку Кеңеште салык төлөөчүлөргө калктын жана ишкерлердин салык жүгүн жеңилдетүүгө багытталган мыйзам долбоору каралып жаткандыгын маалымдайт.

Ведомстводон маалымдашкандай, долбоордо төмөнкү чаралар камтылган:

  • транспорт каражаттарына салынуучу салыкты жоюу жана тиешелүү түрдө андан бошотуу;
  • айыл чарба жерлерине жеңилдиктер;
  • текшерүүлөрдү жүргүзүүгө тыюу салуу;
  • карыздарды кечүү;
  • айрым учурларда салыктык карыздарды кечүү;
  • салыктык карызы бар жарандардын өлкөдөн чыгуусуна коюлган чектөөнү жеңилдетүү;
  • патенттик системаны киргизүү;
  • чакан бизнес үчүн кирешенин босого чегине жеңилдик берүү;
  • анык эмес субъекттердин дарегине соода жүргүзүүдө сатуу салыгын жана бирдиктүү салык ставкасын төмөндөтүү.

Белгиленгендей, бул чаралар негизинен чакан ишкердикти өнүктүрүүгө, аны орто бизнеске өткөрүүгө жана орто бизнести ири бизнес деңгээлине жеткирүүгө багытталган.

Бирок, айрым салык төлөөчүлөр өз милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткарбай, Кыргызстандын салык мыйзамдарын сактоо боюнча милдеттүүлүк принциптерин бузушу мүмкүн.

Учурда салык системасында ири масштабдагы реформалар жүрүп жатат. Алардын алкагында аналитикалык иштер күчөтүлүп, салыктык тобокелдиктерди аныктоонун жаңы системалары жана терең талдоо механизмдери ишке киргизилүүдө. Бул механизмдер салык төлөөдөн баш тартуунун ыкмаларын аныктоого, чакан бизнеске берилген жеңилдиктерди негизсиз колдонуу аркылуу жасалма түрдө ишти бөлүп-жарууга жол бербөө жана салык төлөөчүлөрдүн экономикалык ишмердүүлүк тарыхын талдоого багытталган.

Мунун негизинде мамлекет тарабынан жеңилдик режимин колдонуп жаткан салык төлөөчүлөрдүн ишмердүүлүгүнө көзөмөл болот, ишкердик жүргүзүүдө калыстык жана бирдиктүү мамиле камсыздалат.

Мамлекеттик салык кызматы заманбап технологияларды жана мамлекеттик органдар менен маалымат алмашууну колдонуу аркылуу ишкерлердин экономикалык ишмердүүлүгүн анализдеп, мониторинг жүргүзүү үчүн зарыл болгон санариптик куралдарга ээ.

Ушуга байланыштуу Мамлекеттик салык кызматы ири бизнес өкүлдөрүн ишти бөлүү, жалган келишимдер аркылуу салык төлөөдөн качууга багытталган схемалардан алыс болууга чакырат.

Салыктык милдеттенмелерди толук көлөмдө аткаруу – адилеттүү атаандаштыкты, экономиканын туруктуу өнүгүүсүн жана өлкөдө социалдык туруктуулукту камсыздоонун негизги шарты болуп саналат.

Связанный пост