Кыргызстандын ИДПсы жыл башынан бери 573 млрд сомду түздү

 Кыргызстандын ИДПсы жыл башынан бери 573 млрд сомду түздү

2025-жылдын январь-май айларында республиканын экономикасында негизги көрсөткүчтөр боюнча өсүү байкалды. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов билдирди.

Анын айтымында, 2025-жылдын январь-май айларында ички дүң продукциянын көлөмү алдын ала эсептөөлөр боюнча 573 миллиард сомдон ашып, 2024-жылдын январь-майына салыштырмалуу 12,3 пайызга өскөн.

Шокенов белгилегендей, ИДПда тейлөө тармагынын үлүшү 53%, товардык өндүрүш тармактары 19%, продукцияга салыктар 17% түзөт.

Связанный пост