Россиядагы кыргызстандык мигранттарга жардам көрсөтүлөт

 Россиядагы кыргызстандык мигранттарга жардам көрсөтүлөт

Россиядагы кыргызстандык эмгек мигранттарына жумушка орношуу, милдеттүү медициналык камсыздандыруу жана легалдаштыруу боюнча жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, министрликтин Россиядагы өкүлчүлүгү мигранттарды колдоо, иш берүүчүлөр жана диаспоралар менен кызматташуу ишин күчөттү.

2025-жылдын башынан бери кыргызстандыктарга Россиянын ар кайсы аймактарында 1 907 бош орундар сунушталган. Мыйзамдуу ишке орноштуруу түздөн-түз россиялык иш берүүчүлөр менен байланыштар аркылуу уюштурулат.

Буга чейин 967 кыргызстандык милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин алууга жардам алышты.  Ошондой эле 3 жаранга Россияга кирүүгө коюлган чектөөлөрдү алууга, ата-энесинин камкордугусуз калган үч баланы мекенине алып келүүгө жардам берилди.

Россиянын мыйзамдарындагы жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, өлкөдө мыйзамсыз жүргөн чет элдик жарандарды легалдаштыруу мөөнөтү ушул жылдын 10-сентябрына чейин узартылган. Өкүлчүлүк дайыма маалыматтык кампанияларды жүргүзүп, жарандарга укуктук абал жана миграция мыйзамдары боюнча кеп-кеңештерди берип турат. Орусиядагы эмгек мигранттарына ыкчам колдоо көрсөтүү үчүн 24 саат бою иштеген ишеним телефону бардык маселелер боюнча консультацияларды берет. Өкүлчүлүктүн иши Орусиядагы кыргызстандыктардын укуктарын коргоого, эмгек ишмердүүлүгүн мыйзамдаштырууга жана жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган.

Связанный пост