Мектеп бүтүрүүчүлөрүнө аттестат жана күбөлүктөр 30-июнда тапшырылат

Кыргызстанда мектеп бүтүрүүчүлөрүнө аттестаттар жана күбөлүктөр 30-июнда тапшырылат.
Агартуу министрлигинен билдиришкендей, 30-июнда саат 9:00дө бардык билим берүү уюмдарында 9-класстардын бүтүрүүчүлөрүнө негизги жалпы билим жөнүндө күбөлүк жана 11-класстардын бүтүрүүчүлөрүнө орто жалпы билим жөнүндө аттестат тапшыруу иш-чарасы өткөрүлөт.
Документтерди тапшыруу учурунда коопсуздукту камсыз кылуу ар бир билим берүү мекемесинин жетекчисинин жеке жоопкерчилигинде болот.
2024-2025-окуу жылында 9-классты 134 681 бүтүрүүчү, 11-классты 80 540 бүтүрүүчү аяктап жатат.