Бишкекте жабырлануучуну опузалап, 4 миң доллар алган укук коргоочулар кармалды
Бишкекте жабырлануучуну опузалап, 4 миң доллар алган укук коргоочулар кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 7-июнда УКМК кызматкерлери тарабынан ыкчам иш-чараларды жүргүзүүдө укук коргоо органдарынын кызмат адамдары тарабынан акча каражатын опузалап талап кылуу фактысы аныкталган.
Тактап айтканда, Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын улук тергөөчүсү Г.Н.А. райондук прокурордун жардамчысы Т.Ч.И. менен сүйлөшүп алып, кылмыш иши боюнча маселени оң чечкендиги үчүн жарандан 4 миң доллар өлчөмүндө акча каражатын опузалап алган.
Фигуранттар акча каражаттарын өткөрүп берүү учурунда пара менен кармалган. Тактап айтканда, тергөөчү аталган сумманы прокурордун жардамчысына өткөрүп берген, андан кийин экөө тең ыкчам кызматтар тарабынан дароо кармалган.