Өлкө боюнча 56 159 абитуриент ЖРТ тапшырды

 Өлкө боюнча 56 159 абитуриент ЖРТ тапшырды

Үстүбүздөгү жылдын май айында өлкө боюнча 56 159 абитуриент Жалпы республикалык тестирлөөдөн өттү. Бул тууралуу Агартуу министрлиги маалымдады.

Алардын ичинен 31 731 абитуриент кыргыз тилинде, 24 428 абитуриент орус тилинде ЖРТ тапшырган.

Май айында тест тапшырган абитуриенттердин ЖРТ сертификаттары мектептерге жана шаардык/райондук билим берүү бѳлүмдѳрүнѳ аттестаттар тапшырылганга чейин жѳнѳтүлѳт.

Абитуриент сертификатты алуу үчүн тестке кирүү талонун тапшырышы керек деп белгиленет маалыматта.

Белгилей кетсек, быйыл өлкө боюнча 11-классты 80 миң 348 бүтүрүүчү мектепти аяктап жатат.

Связанный пост