Төө-Ашуу ашууда жолдор оңдолууда – 58 тонна асфальт төшөлдү
Төө-Ашуу ашуу чуңкурларды оңдоо, таштарды тазалоо иштери жүрүп жатат.
Транспорт жана коммуникация министрлигинен билдиришкендей, Төө-Ашуу ашуусунда жүк ташуучу унаалардын көп пайдаланылышынан улам чуңкурлар пайда болгон аймактарда чуңкурларды оңдоо иштери жүрүп жатат.
Маалым болгондой, бул иштер учурунда 58 тонна асфальт төшөлгөн.
Мындан сырткары өлкөнүн түштүгү менен түндүгүн бириктирген ашууда таштандылар жана ири таштар тазаланды.