Россиядагы кыргыз мигранттарынын дээрлик 16 млн рубль эмгек акысы өндүрүлдү

 Россиядагы кыргыз мигранттарынын дээрлик 16 млн рубль эмгек акысы өндүрүлдү

Эмгек министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгү кыргызстандык мигранттарга дээрлик 16 миллион рубль эмгек акысын кайтарууга жардам берди.

Ведомстводон билдиришкендей, 2025-жылдын биринчи беш айынын ичинде Россияда жүргөн кыргызстандыктарга ар тараптуу укуктук жана консультациялык колдоо көрсөттү.

175 жаранга укуктук иш — аракеттердин, иш берүүчүлөр менен сүйлөшүүлөрдүн жана расмий кат алышуулардын аркасында мурда алынбай калган эмгек акысы 15 764 700 рубль төлөнүп берилген.

  • 6 жаран ден соолугуна келтирилген зыянга байланыштуу 6 224 400 рубль өлчөмүндө компенсация алышкан.
  • Өкүлчүлүктүн адистери 12 279 жаранды жеке жана телефон аркылуу кабыл алып, кеңеш беришти.
  • 20 кыргызстандыкка РФнын сотторуна арыз жана кайрылуу даярдоого жардам көрсөтүлдү.
  • Жарандардын кайрылуулары боюнча Москва полициясына 219 жолу барып, чет элдик жарандарды убактылуу кармоо борборлоруна 17 жолу визит жасалды.
  • Ата-энесинин камкордугусуз калган 3 жашы жете элек балдарды мекенге кайтарууда (репатриациялоодо) көмөк көрсөтүлдү.

Өкүлчүлүктүн иши күнү-түнү улантылууда. Колдоо онлайн жана офлайн форматта да көрсөтүлөт.

Связанный пост