Адылбек Касымалиев Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода менен жолукту
Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Тажикстандын Душанбе шаарына болгон иш сапарынын алкагында Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода менен жолукту.
Анда тараптар негизинен Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров жана Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмондун буга чейинки жолугушууларында жетишилген макулдашуулардын ишке ашырылышынын жүрүшүн жана алдыдагы кыргыз-тажик кызматташтыгынын күн тартибине киргизилген бир катар актуалдуу маселелер боюнча сүйлөштү.
Өкмөт башчылары бул жылы кыргыз-тажик кызматташууларында маанилүү окуялар жана иш-чаралар болгонун белгилешип, маселен мамлекеттик чек ара боюнча тарыхый келишимдерге кол коюлганы, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын мамлекеттик чек араларынын тогошкон чекити аныкталып, жыйынтыгында Худжанд декларациясы кабыл алынганына токтолушту.
Мындай келишимдер мамлекеттердин элдеринин ортосундагы мамилелердин тарыхына жаңы дем берип, кылымдар бою жанаша жашап жаткан аймакта жаркын келечекке жаңы үмүттү пайда кылганынын маанилүүлүгүн белгилешти.
Мындан тышкары тараптар Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмүн жогорулатуу жана авиа каттамдар боюнча маселелерди сүйлөшүп, бул тармактар эки элдин ортосундагы туризмди, бизнести жана маданий алакаларды өнүктүрүү үчүн кошумча стимул болоорун билдиришти.
Жолугушуунун соңунда Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода эки тараптуу мамилелерди чыңдоонун маанилүү доору башталганын, өлкөлөрдүн ортосундагы саясий, экономикалык жана маданий кызматташтык тереңдээрине ишенээрин билдиришип, эки мамлекеттин элин алдыдагы Курман айт майрамы менен куттукташты.
Эскерте кетсек, Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жумуш сапарынын алкагында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөттөрүнүн башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат.