“Ысык-Көл” аэропортунун жаңы аэробекети жыл соңуна чейин бүткөрүлөт

 “Ысык-Көл” аэропортунун жаңы аэробекети жыл соңуна чейин бүткөрүлөт

“Ысык-Көл” аэропортунун жаңы аэробекети жыл соңуна чейин бүткөрүлөт. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде “Кыргызстан аэропорттору” ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов билдирди.

Анын айтымында, учурдагы комплекс 2003-жылы курулган жана азыр жүргүнчүлөрдүн агымынын көбөйүшүнө туруштук бере албайт. Себеби, күндөн-күнгө туристтердин агымы өсүүдө. Быйыл дагы облуска 8 миллионго жакын туристтердин келиши күтүлүүдө.

“Аэробекет эки кабаттан турат. Ушул тапта анын биринчи кабаты толугу менен бүттү. Анын жалпы аянты 18,5 миң чарчы метрди түзөт. Аэробекетте эки телескопиялык трап болот. Жаңы терминалда жүргүнчүлөр үчүн кенен зал, заманбап каттоо жайлары, фуд-корт, эс алуу жайы жана башка ыңгайлуу шарттар каралат”, – деди ал.

Самидинов белгилегендей, мындан сырткары аэробекетте оор жүк ташуучу терминалдар дагы орнотулат.

Связанный пост