Бала-Саруу ГЭСи электр энергиясын пландан ашык өндүрүүдө

 Бала-Саруу ГЭСи электр энергиясын пландан ашык өндүрүүдө

Бала-Саруу ГЭСи туруктуу иштеп, электр энергиясын өндүрүү боюнча пландан кыйла ашкан жыйынтыктарды көрсөттү.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, энергетикалык компаниянын техникалык директору Бекжан Бакеновдун айтымында, пландан ашыкча 22,0 миллион кВт саатка жакын көлөм өндүрүлгөн.

«Бүгүнкү күндө станция 47,5 миллион кВт саат электр энергиясын өндүрдү. 2025-жылдын январь–июнь айлары үчүн план 25,5 миллион кВт саатты түзгөн. Демек, пландан ашыкча өндүрүлгөн көлөм 22,0 миллион кВт саатка жакын. Бул станциянын жана анын кызматкерлеринин туруктуу жана натыйжалуу ишинин далили болуп саналат».

Белгилей кетсек, бул станция президент Садыр Жапаров тарабынан салтанаттуу түрдө ачылган. Учурда белгиленген графикке ылайык, үзгүлтүксүз иштеп жатат.

Эске салсак, 2025-жылдын 21-майында Бала-Саруу ГЭСи ишке киргизилгенине бир жыл болду. Бала-Саруу ГЭСи «Чакан ГЭС» ААК тарабынан башкарылат.

Маалымат үчүн: Гидроэлектростанция Киров суу сактагычынын төмөнкү бөлүгүндө жайгашкан жана жалпы кубаттуулугу 25 МВт болгон үч гидроагрегат менен жабдылган. Бала-Саруу ГЭСи күн сайын Талас облусундагы болжол менен 19 миң абонентти электр энергиясы менен камсыздап, региондун энергетикалык коопсуздугуна салым кошууда.

Связанный пост