Ипотекасын ар кандай себептерден улам төлөй албай жаткандарга жеңилдиктер каралат

Ипотекасын ар кандай себептерден улам төлөй албай жаткандарга жеңилдиктер каралат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасынын орун басары Тилек Жээнбаев билдирди.
Анын айтымында, биринчи үч айга жеңилдиктер берилет. Бул убакытта жаран киреше булагын таап, маселесин чечип алса болот.
“Эгерде үч айдын ичинде мындай мүмкүнчүлүк таба албаса, анда биз жарандын батирин кичирээк аянтты ээлегенине алмаштырганга сунуштарды айтабыз”, – деди МИКтин төрагасынын орун басары.