Эдил Байсалов: Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо болбойт

 Эдил Байсалов: Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо болбойт

Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоону күтүүнүн кереги жок, деп билдирди министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйынында.

“Эмне үчүн? Учурдагы көпчүлүк депутаттарга ыраазыбыз. Президент Садыр Жапаров белгилеген багытты, эң негизгиси реформалардын темпин колдойт. Бүгүнкү күндө аткаруу бийлигинин мыйзам чыгаруучулар менен көйгөйү жок. Үчүнчү тараптардын арабызга от салууга, пикир келишпестикке алып келүүгө, кандайдыр бир баш аламандыкка салууга аракеттер болуп жатат”, – деди Эдил Байсалов.

Минкаб башчысынын орун басары ошондой эле жакынкы күндөрү Жогорку Кеңешке шашылыш мыйзам долбоорлорунун пакети келип түшөрүн, алар парламенттин учурдагы сессиясы аяктаганга чейин каралышы керектигин билдирди.

“Биз президенттик көпчүлүк бул мыйзам долбоорлорун колдой турганын билебиз, аны кийинкиге калтырууга болбойт”, – деди ал.

Связанный пост