Мигранттарды мыйзамдаштыруу. Документтерди онлайн иретке келтирсе болот

 Мигранттарды мыйзамдаштыруу. Документтерди онлайн иретке келтирсе болот

Чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстанда жүрүүсүн мыйзамдаштыруу эми онлайн режимде жеткиликтүү.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, легалдаштыруу процессинде ортомчулук кызматтардын кереги жок, мындай кадамдар алдамчылыкка алып келиши ыктымал.

Бардык процедуралар онлайн жана түз расмий порталдар аркылуу жеткиликтүү.

Маалыматта белгиленгендей, 2025-жылдын 10-июнуна чейин миграциялык эрежелерди бузгандар – мөөнөтү өтүп кеткен виза менен, документи жок же өлкөгө кирүү эрежесин бузгандардын документтерин административдик айыпсыз мыйзамдаштырса болот.

Мыйзамдаштыруу үчүн сизде жарактуу паспорт болушу керек жана расмий порталдар аркылуу кайрылыңыз:

  • Виза алуу – www.evisa.e-gov.kg,
  • Туруктуу жашоого уруксат алуу – Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги аркылуу;
  • Каттоо – ereg.e-gov.kg порталы аркылуу;
  • Ички иштер министрлиги аркылуу текшерүү – каалаган бөлүмдө;

Эмгек министрлиги тобокелдиктерди жана көйгөйлөрдү болтурбоо үчүн каттоону кечиктирбөөнү жана расмий каналдарды гана колдонууну катуу сунуштайт.

Эске салсак, 2025-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанда жүрүүгө жана иштөөгө уруксаттарды каттоо Тышкы иштер министрлигинин «Бирдиктүү терезе» порталы Evisa.e-gov.kg аркылуу гана жүргүзүлөт.

Связанный пост