Бирин-бири кайталаган маморгандарды жоюу пландалууда

Бирин-бири кайталаган мамлекет органдарды жоюу пландалууда. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары Азамат Кадыралиев билдирди.
Анын айтымында, бул боюнча эртең, 30-майда мамлекеттик кызмат системасын дебюрократиялаштыруу боюнча атайын комиссиянын үчүнчү жыйыны өтөт.
“Бүгүнкү күндө 60 долбоор боюнча иштер жүрүп жатат. Анын үчтөн бири – мыйзамдар, дагы үчтөн бири – токтом жана жарлыктар, ал эми 25 пайызы – мекемелердин буйруктары болуп саналат. Бирок, тилекке каршы айрым мамлекеттик органдар тарабынан долбоор боюнча каршылыктар жаралды. Ага мисал катары, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматын айта алам.
Эмне менен алектенип жаткандары так түшүнүксүз. Аларды же жоюу керек, же болбосо күчөтүү зарыл. Ошондой эле Сот приставдары да каршылыгын көрсөтүп келет. Аталган орган жеке сот аткаруучулар жөнүндө мыйзам долбоорун үч ирет кайра кайтарган”,-деди ал.
Юстиция министри Аяз Баетов каршылык көрсөтүү көбүнчө долбоорлорго шылтоо менен оңдоолорду киргизүү жолу аркылуу жүрүп жатканын белгиледи.
“Ал эми каршылык көрсөтпөгөн министрликтерге мисал катары Экономика министрлиги, Тышкы иштер министрлиги жана Улуттук статистика комитеттерин айта алам”, – деди министр.