Башкы прокуратура тарабынан 86,3 млн сомдук саламаттыкты сактоо объектиси мамлекеттик менчикке кайтарылды

 Башкы прокуратура тарабынан 86,3 млн сомдук саламаттыкты сактоо объектиси мамлекеттик менчикке кайтарылды

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында, оорукана имараты жана ага жанаша жайгашкан жер тилкеси социалдык инфратүзүм объекттерин менчиктештирүүгө тыюу салган түз мыйзамдык чектөөгө карабастан, мыйзам бузуу менен менчиктештирилгендиги аныкталган.

Башкы прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралардын негизинде базар баасы 86,3 млн сомду түзгөн аталган объект мамлекеттин менчигине кайтарылды.

Прокуратура органдары тарабынан мамлекеттик мүлктү коргоо багытында мыйзамдуулукту камсыз кылуу боюнча системалуу иштер улантылууда.

 

Связанный пост