Кыргызстан менен Өзбекстандын биринчи айымдары Будапешттеги музыка үйүнө барышты

Кыргызстан менен Өзбекстандын Биринчи айымдары Айгүл Жапарова менен Зироат Мирзиёева Будапешттеги Мажар музыкасынын үйүндө болушту. Бул тууралуу Кыргызстандын биринчи айымынын социалдык тармактагы барактагы баракчасында маалымдалды.

Аларды музыка үйүнө Венгриянын премьер-министринин жубайы Анико Леваи чакырган.

Мажар музыкасы үйү – Будапешт шаарындагы интерактивдүү, көргөзмө, концерттик жана музыкалык-педагогикалык борбор.

Туруктуу көргөзмө конокторду европалык жана мажар музыкасынын түптөлүшүнөн баштап бүгүнкү күнгө чейинки тарыхы, анын ичинде интерактивдүү жана мультимедиялык элементтер менен тааныштырат.

Көргөзмөнүн уникалдуу элементи болуп Саякбай Каралаевдин аткаруусунда “Манас” эпосунан үзүндү аткарылган бөлүгү саналат (көргөзмөнүн авторлорунун идеясы боюнча кыргыз фольклору мажар фольклордук музыкасынын калыптанышында чоң роль ойногон).

Биринчи айымдын Мажар музыкасы үйүнө барышы президент Садыр Жапаровдун Венгрияда өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун бейформал саммитине катышуусунун алкагында болду.

Связанный пост