Бишкекте мектептерде жаңы окуу жылына 1- жана 2-класстарга кошумча орундар ачылат

 Бишкекте мектептерде жаңы окуу жылына 1- жана 2-класстарга кошумча орундар ачылат

Эртең, 23-майда саат 09:00дө Бишкек шаарындагы айрым жалпы билим берүү уюмдарында 2025 – 2026-окуу жылына 1- жана 2-класстарга окуучуларды кабыл алуу боюнча кошумча орундар ачылат.

Агартуу министрлигинен билдиришкендей, бул орундар ата-энелердин жана мыйзамдуу өкүлдөрдүн жогорку суроо-талабын канааттандыруу жана билим алууга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү максатында берилүүдө.

Кошумча квоталар төмөнкү билим берүү уюмдарында каралган:

  • №4 гуманитардык-укуктук багыттагы мектеп-гимназия
  • №10 жалпы билим берүүчү орто мектеп
  • №13 англис тилин тереңдетип окуткан мектеп-гимназия
  • №12 Л.В. Толстунов атындагы орто мектеп-гимназия
  • №17 А.С. Пушкин атындагы орто мектеп
  • №20 Г. Алиев атындагы орто мектеп
  • №26 орто мектеп
  • №29 орто мектеп
  • №37 орто мектеп
  • №40 орто мектеп
  • №41 орто мектеп
  • №44 орто мектеп
  • №56 орто мектеп
  • №62 орто мектеп
  • №63 Ч. Айтматов атындагы орто мектеп
  • №64 орто мектеп
  • №75 орто мектеп
  • №82 орто мектеп
  • №84 Ж. Садыков атындагы орто мектеп
  • №88 орто мектеп
  • №92 орто мектеп
  • №102 И. Арабаев атындагы орто мектеп
  • №119 орто мектеп

Связанный пост